
- 15 июля19:00суб
Урматтуу достор!
Сизди 2023-жылдын 15-июль күнү «Ак Мөөр fest 2023» ири долбооруна чакырабыз.
Кыргыз айымдарын даңазалаган фестивальга кош келиңиз.
"Кыргыз Биримдиги" коомдук бирикмеси кыргыздын улуттук дөөлөттөрүн, илгертен калыптанып келген көөнө маданиятын жана улуттук баалуулуктарын жайылтуунун үстүндө бир топ долбоорлорду ишке ашырып келет.
"Ак Мөөр Фест – 2023" Кыргыз айымдарына тиешелүү болгон улуттук баалуулуктарды, каада-салт, нарк-насил, акылгөйлүк жана нукура сулуулукту, уз-чебердикти, өнөрдү даңазалоо;
- Аялзатынын коомдогу жогорку ордун белгилөө менен адамзат турмушундагы алардын ролун жогорулатуу, үй-бүлө институтун бекемдөө болуп саналат.
“Кыргызымдын кыйын кырк кызы” долбооруна кыргыз тарыхында бараандуу салымы бар, мамлекеттин экономикалык жана социалдык тармактарында ийгилик жараткан, жаратман, ишмер айымдар катышат. Алардын бейнесин ачкан макала, маектер “Ак Мөөр-2023” түстүү журналына чыгып, “Кыргызымдын кыйын кырк кызы” диплому жана статуеткасы менен сыйланат.
“Ак Мөөр – 2023” сулуулар сынагына кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын аздек туткан, акылы менен адеби, сулуулугу менен сыны, билими менен билгичтиги төп келген сулуулар тандалып алынып, финалдык мелдешке катышат. Ошондой эле бул сынакка, сулуулардын образын ачкан улуттук кийимдерди тиккен мыкты уз-чебер, дизайнерлер да катышып, уникалдуу эмгектери менен күч сынашат.
Билеттин баасы: 2000 сом.
Дареги: Чолпон Ата шаары, Ат майдан (ипподром)