Урматтуу поэзия күйөрмандары, кымбаттуу достор!
Сиздерди 12-май 18:30да Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жайлуу залында боло турган кооз, коңур үнү менен акындардын ырларын жаңы өңүттө көркөм окуган Өзгөрүш АБАКИРОВдун поэзия (көркөм окуу) кечесине чакырабыз.
Бул күнү зал ичи поэзиянын укмуштуудай абасына толот. Сөздүн гүлүн терип сезимдердин түпкүрүнө саякатка чыгабыз. Сиз менен биз сезимдерибизди бөлүшүү үчүн бир аянтчага чогулабыз.
Кечеде классик акындардын ырларынан тарта заманбап акындардын чыгармаларына чейин тандалма ырларды уга аласыз. Биз менен поэзия дүйнөсүнө сүңгүп, сөз менен тартылган сүрөттөрдүн сыйкырынан ырахат алыңыз.
Бул укмуштуудай кечти жылдыздуу меймандар коштойт: Бек ИСРАИЛОВ, Иса ӨМҮРКУЛОВ, Мыктыбек НУРЛАНБЕКОВ,Бермет АЙДАРОВА, Роза РЫСБЕК, Раиса АКЫЛТАЙ кызы
Досторуңуз, үй – бүлөңүз менен же жалгыз келиңиз! Поэзия кечеси сөз баалаган жана жан дүйнө гармониясын издеген адамдар үчүн ачык.
Кыргыз тилин, кыргыз поэзиясын жаштар арасында көркөм окуу, өзгөчө шөкөттөө менен жайылтып, популизациялап, романтизациялап жаткан Өзгөрүш Абакировдун аракетине өз бааңызды берип, колдоп кетиңиз!
Кече жандуу музыканын коштоосунда өтөт.
Поэзия кечесинде жолукканга чейин!
Дорогие друзья, любители поэзии!
12 мая в 18:30 Приглашаем Вас на вечер поэзии Өзгөрүша АБАКИРОВА, который в новом формате представить стихи поэтов с необычным и глубоким голосом, этот незабываемый вечер пройдет в зале Кыргызского Национального академического драматического театра им. Т. Абдымомунова.
В этот день зал наполнится удивительной атмосферой поэзии. Сорвав цветок слов, мы отправляемся в путешествие в глубь чувств. Мы с вами в этот вечер соберемся, чтобы поделиться своими внутренними чувствами.
На вечере можно прослушать подборку стихов от поэтов-классиков до произведений современных поэтов. Погрузитесь вместе с нами в мир поэзии и насладитесь волшебством словесных картинок.
Этот удивительный вечер будут сопровождать звездные гости: Бек ИСРАИЛОВ, Иса ӨМҮРКУЛОВ, Мыктыбек НУРЛАНБЕКОВ, Бермет АЙДАРОВА, Роза РЫСБЕК, Раиса АКЫЛТАЙ кызы.
Приходите с друзьями, семьей или же ждем именно вас! Вечер поэзии открыт для людей, ценящих слово и стремящихся к гармонии души.
Оцените и поддержите усилия Өзгөрүша Абакирова, который посредством художественного чтения, особенно энтузиазма, распространяет, популяризирует и романтизирует кыргызский язык и кыргызскую поэзию среди молодежи!
Наш вечер будет сопровождаться живой музыкой.
До встречи на Вечере поэзии!