КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАШТАР КУРАМАСЫ БОРБОР АЗИЯНЫН ФУТБОЛ АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ЧЕМПИОНДУК НААМЫ ҮЧҮН ИРАН МЕНЕН КЕЗ КЕЛЕТ
Кыргызстандын курамасы 12-июль күнү Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын 20 жашка чейинки жаштар арасындагы футбол чемпионатынын финалында Кыргызстандын жана Ирандын курамалары кез келет.
Буга чейин орун алган тайпалык баскычтын жыйынтыгында Кыргызстан курамасы 4 упайга ээ болуп, финалга чыккан.
Аталган эл аралык мелдеш Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда өтүдө.
Мелдештин 5-6-оруну үчүн беттеште Ооганстан жана Түркмөнстан курамалары ойноп, 3-4-орун үчүн оюнда Тажикстан жана Өзбекстан курамалары кез келишет.
Чемпиондук наам үчүн финалдык беттеш саат 21:00до орун алат.
Оюнга билеттер kassir.kg сайтында жана стадиондун кассаларында жеткиликтүү.
-
МОЛОДЕЖНАЯ СБОРНАЯ КЫРГЫЗСТАНА ВСТРЕТИТСЯ С ИРАНОМ В ФИНАЛЕ ЧЕМПИОНАТА ЦЕНТРАЛЬНОАЗИАТСКОЙ ФУТБОЛЬНОЙ АССОЦИАЦИИ
12 июля Молодежные сборные Кыргызстана и Ирана сойдутся в финальном матче чемпионата Центральной Азии по футболу среди юношей до 20 лет.
По итогам предыдущего группового этапа сборная Кыргызстана набрала 4 очка, чем обеспечила себе участие в финальном матче.
Данный турнир проходит на стадионе «Курманбек» города Джалал-Абад.
Команды Афганистана и Туркменистана сыграют за 5-6 места турнира, а команды Таджикистана и Узбекистана разыграют 3-4 места.
Матч за чемпионский титул стартует в 21:00.
Билеты на матч доступны на сайте kassir.kg и на кассах стадиона «Курманбек».
#kfu_kg