
Күздүн күнү “Күтүлбөгөн жаз”келип,
“Күчтүү сезим” ырга айланып жаңырган.
Жыйырма жыл чоң сахнада күн кечип,
Жылып жаштык, кайрык издеп агылган.
Кундуз ырдайт кумар кылган обонун,
Кыргыз уксун, мукам үнүн сагынган.
Урматтуу өнөр сүйгөн улуу журт! Күркүрөгөн күздүн күнүндө, элибиздин эрке кызы, өнөрдө өз чыйырын салып келе жаткан Кундуз Таштаналиева 5-ноябрь саат 18:30да “Өрнөктүү өнөр” аталышындагы чыгармачылык кечесине чакырат!
Жыйырма жылдык чоң сахнадагы отчеттук концертти “Камбаркан” этнографиялык ансамбли, элибиздин эл артисттери, эмгек сиңирген артисттери ошондой эле Кундуз Таштаналиеванын шакирттери коштойт!
Таланттуу кызыңыздар ыр казынасынан чачыла чачат, жан дүйнөнү аруулаган кечеге жалпыңыздарды чакырабыз!
Дареги: Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы!
Байланыш тел: 0557 27 08 96, 0707606236