
U-17 АЙЫМДАР АРАСЫНДА 2026-ЖЫЛКЫ АЗИЯ КУБОГУНУН ТАНДАП АЛУУ
ОЮНДАРЫ БИШКЕК ШААРЫНДА ӨТӨТ
13–17-октябрь күндөрү Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын U-17
айымдар курама командасынын катышуусунда 2026-жылкы Азия Кубогунун тандап
алуу оюндары өтөт.
U-17 айымдар курама командасы «G» тайпасында Индия жана Өзбекстандын
курамалары менен күч сынашат.
Беттештер Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо орун алып, саат
19:00до башталат.
Мелдештин ачылышы майрамдык маанайда өтүп, күйөрмандар үчүн атайын шоу-
программа жана концерттик кече уюштурулат. Концерттик программа саат
18:00дө башталат.
Эске салсак, тандап алуу баскычына жалпысынан 27 курама катышып, алар 8
тайпага бөлүнгөн. 2026-жылкы Азия Кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын 30-
апрелинен 17-майына чейин Кытайда өтөт, ага жалпысынан 12 курама команда
жолдомо алат.