Өзгөрүш Абакиров. Поэзия Ош | Kassir.kg
headerLogo
+996 702 144 155
Өзгөрүш Абакиров. Поэзия Ош
Өзгөрүш Абакиров. Поэзия Ош
ЦенаОт 800 KGS
Место проведенияНациональный драматический театр им. С. Ибраимова . Ош, Улица Ленина, 243
Дата21 ноября 2025, 18:30, пт
Количество билетов710 шт
ЯзыкKG
Возрастные ограничения-

Урматтуу Ош шаарындагы поэзия күйөрмандары, кымбаттуу достор!

Сиздерди 21-ноябрь күнү саат 18:30да  Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын жайлуу залында боло турган кооз, коңур үнү менен акындардын ырларын жаңы өңүттө көркөм окуган Өзгөрүш АБАКИРОВдун  жандуу музыканын коштоосунда өтө турчу ЖАҢЫ ПРОГРАММАДАГЫ поэзия (көркөм окуу) кечесине чакырабыз.

Бул күнү зал ичи поэзиянын укмуштуудай абасына толот. Сөздүн гүлүн терип сезимдердин түпкүрүнө саякатка чыгабыз. Сиз менен биз сезимдерибизди бөлүшүү үчүн бир аянтчага чогулабыз.

Кечеде классик акындардын ырларынан тарта заманбап акындардын чыгармаларына чейин тандалма ырларды оркестрдын коштоосунда уга аласыз. Биз менен поэзия дүйнөсүнө сүңгүп, сөз менен тартылган сүрөттөрдүн сыйкырынан ырахат алыңыз.

Коноктор: Элина АЙТПАЕВА, Роза РЫСБЕК,
Пианинодо: Атай БАЛБАКОВ

Досторуңуз, үй – бүлөңүз менен же жалгыз келиңиз! Поэзия кечеси сөз баалаган жана жан дүйнө гармониясын издеген адамдар үчүн ачык.

Кыргыз тилин, кыргыз поэзиясын жаштар арасында көркөм окуу, өзгөчө шөкөттөө менен жайылтып, популизациялап, романтизациялап жаткан Өзгөрүш Абакировдун аракетине өз бааңызды берип, колдоп кетиңиз!

Кече жандуу музыканын коштоосунда өтөт.

Поэзия кечесинде жолукканга чейин!

Поделиться:
0