
Д.Р.КИПЛИНГ
(Пластикалык жомок) 10 +
“МАУГЛИ ” жомогунда Жунгли токоюнда чоңойгон адам баласы жөнүндө баяндалат. Адам баласы бөрүлөрдүн үйүрүнө келгенде, эч ким аны эр жүрөк кайраттуу жол башчы болоорун ойлогон эмес. Жан-жаныбарлар да ага токойдогу эрежелерди жаратылыштын мыйзамын бузбай жашаш керектигин билдирип, катуу талап коюшат. “Адам баласы менен жаныбарлар тил табыша алабы? Деги эле адам баласы жаныбарлар сыяктуу жаратылыш мыйзамын так сактап жашоого жөндөмдүүбү?” деген глобалдуу маселе көтөрүлөт.
Бул жомокто режиссёр автордун “адам баласы менен жаныбарлардын кимиси жаратылыштын мыйзамын, эрежелерин, бузбай жашайт?” деген суроо-идеясына басым жасап, актуалдуу теманы ачык көрсөтөт. “Бир тамчы суу кумурскага дарыя көрүнөт” деп айтылгандай, бул жомок жалпы адамзатын жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырат.






