headerLogo
+996 702 144 155
Ханышанын көз жашы
Все билеты распроданы
Ханышанын көз жашы
ЦенаОт 500 KGS
Место проведенияКыргызский Государственный театр юного зрителя им. Бакен Кыдыкеевой. Бишкек, ул. Абдырахманова 230
Дата19 декабря 2025, 18:30, пт
Количество билетов111 шт
ЯзыкKG
Возрастные ограничения12+
Ограничения по возвратуЗа 3 дня до мероприятия обмен и возврат невозможныПравила возврата

“Ханышанын көз жашы”спектакли айтылуу Алай ханышасы Курманжан датканын трагедиялуу тагдыры жөнүндөгү психологиялык спектакль.
Бул чыгармада Алымбек датканын уулу Камчыбекти дарга асуунун алдында, эки саат ичинде болуп өткөн Курманжан датканын ички психологиясы чагылдырылат.
Курманжан датка жөн гана меээримдүү эне катары миң бир ирет баласын сактап калгысы келет. Миң бир ирет жөн гана акылсыз аял катары дүйнөгө калайманды салып туруп,эл эмне болсо ошол болсун деп кыргызды түп көтөрүп оруска каршы согуш да ачкысы келет.
Оюна миң сан ой тегеренет.
Датканын ичиндеги пенделик ,аялдык,энелик сезимдерин Куу кемпир,Чий кемпир ,Чыр кемпир жана Уу кемпир сыяктуу  абстрактуу каармандар чагылдырат. Ошол эле учурда датка айымдын эр мүнөзү да Караан болуп келет.
Бирок бул Караан - дүйнөдө канчалагаг эр жүрөк падышанын, хандардын башын жуткан караан.
Бул Караан - канчалаган Ханышалардын көз жашын агызып, сыздаткан караан.
Бул Караан - канчалаган элдин канына сабын болуп, бүтүндөй бир элдерди жер менен жексен кылып жүргөн караан. Бирок,мына ушул чүкөдөй кемпирди жеңе албай айласы кетет.
Курманжан датка менен кемпирлердин жана Караандын ортосунда айыгышкан күрөш жүрөт.
Курманжан эми кандай чечим чыгарат?
Ал тандай турган жол кайсы?
Бийликпи же элби?

Поделиться:
0