+996 702 144 155
ПРЕМЬЕРА! ПИНОККИОНУН ЖЫГАЧ ШААРЫ
ПРЕМЬЕРА! ПИНОККИОНУН ЖЫГАЧ ШААРЫ
ЦенаОт 500 KGS
Место проведенияКыргызский государственный театр кукол им. М. Жангазиева. Бишкек, Юсупа Абдрахманова, 230
Дата31 января 2026, 11:00, сб
Количество билетов30 шт
ЯзыкKG
Возрастные ограничения3+
Даты:
31январь
суббота11:00
01февраль
воскресенье12:30

К. Коллодинини «Жыгач куурчактын окуясы» жомогунун негизинде коюлган

килемче-спектакль

Бул Карло Коллодинин «Жыгач куурчактын окуясы» жомогунун негизинде сахналаштырылган интерактивдүү коюлум. Башкы каарман Пиноккио менен бирге балдар жыгач оюнчуктардан шаар курушат. Бул жомокто көрүүчүлөр спектаклдин катышуучуларына айланат. Оюн учурунда курулган ар бир жаңы шаар Пиноккионун окуялары сыяктуу, уникалдуу жана кызыктуу болуп чыгат.

Спектаклдин негизги максаты:

-Баланын фантазиясын жана кол-манжаларынын моторикасын өркүндөтөт.

-Мейкиндиктеги ой жүгүртүүгө үйрөтөт.

-Балдардын бир командада иштөө, бири-бирине жардам берүү жана жоопкерчиликти алуу көндүмүн өнүктүрөт.

-Спектаклге катышуу аркылуу балдар театрды жакшылап таанып, аны сүйүүгө үйрөнөт.

Ролдор жана аткаруучулар:

Уста Джепетто — КР Эл артисти- Ж. Эркимбаев, Э. Адылбеков

Пиноккио — Н. Тойчиева, А. Бучукова

Чегиртке — Г. Мусабаева, Б. Дубанбек кызы

Келемиш — С. Манасбек уулу, Ж. Садыкбек уулу

Джепеттонун шакирти  — К. Нурланбек уулу, Т. Мукамбет уулу

Спектакль 3 жаштан жогорку балдарга сунушталат.

Жүрүшү: 40–45 мүнөт

Билет баасы 500 сом

Кызыктын баарын өткөрүп жибербеш үчүн кирүү билеттерди (орун номери жок)  алдын ала сатып алууну сунуштайбыз, анткени орун саны чектелүү.

Көңүл буруңуздар! Спектаклге кирүү үчүн ар бир көрүүчүгө, жашына карабастан, өзүнчө билет сатып алуу зарыл. Бул эрежеге түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөбүз. Ал бизге бардык көрүүчүлөрдү ыңгайлуу жайгаштырууга жана орундардын санын так бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет.

Куурчак театрына кош келиңиздер!
 

Дареги: Бишкек ш. Ю. Абдрахманов көч. 230А

e-mail: [teatrkukol1939@mail.ru](mailto:teatrkukol1939@mail.ru)

[www.teatrkukol.kg](http://www.teatrkukol.kg)

Администратор: тел. +996312 670641

Вахта: тел. +996312 670617

Поделиться:
0