headerLogo
+996 702 144 155
М. Байжиев "Кыз күйөө" (драма)
Все билеты распроданы
М. Байжиев "Кыз күйөө" (драма)
ЦенаОт 500 KGS
Место проведенияКыргызский академический драматический театр им. Т. Абдумомунова. Бишкек, Абдумомунов, 230
Продолжительность1ч 20м
Дата04 марта 2026, 19:00, ср
Количество билетов102 шт
ЯзыкKG
Возрастные ограничения-
Ограничения по возвратуЗа 3 дня до мероприятия обмен и возврат невозможныПравила возврата

М.Байжиев «Кыз күйөө»

Спектаклдин режиссеру — Б.Ибраев,  КР эл артисти

 

Ролдордо:

Сот жана эне — КР эл артисттери Ш.Алсеитова, Ж.Сыдыкбаева

Эркин — Ж.Сманов, С.Жумадылов атындагы сыйлыктын ээси

Гүлсүн — Г.Сатарова, Д.Күйүкова атындагы сыйлыктын ээси

 

Спектакль өлбөй-өчпөй турган сүйүү темасын, инсандын эртеңкиге болгон үзүлбөгөн үмүтүн, пендечилик менен эки жаштын ортосуна коюлган отту, кайын эне менен келиндин ортосундагы мамилени, үй-бүлөдөгү турмуштун азабынан чыккан пикир келишпестиктерди чагылдырат. Спектакль театрдын репертуарында 1978-жылдан бери жүрөт. Ошол жылдан ушул күнгө чейин аталган спектаклде театр корифейлери образ жаратып келишет.

Алсак, башкы каармандар Гүлсүн менен Эркиндин образын КР эл артисттери Ашыр Чокубаев, Жамал Сейдакматова жаратса, Сот жана эненин образын КР эл артисти Гүлшара Дулатова өңдүү кайталангыс таланттар алып чыгышкан. Андан кийин Сот жана эненин образында Кыргыз ССРнин эл артисти Сайнеке Жунушалиева, Кыз-күйөөнү  КР эл артисти Эгенберди Бекболиев, КР эл артисти Шайгүл Алсеитова, КР эмгек сиңирген артисттери Марат Козукеев, Шайыр Касмалиева, актер Данияр Жанжигитов менен актриса Айжан Акылбекова сыяктуу таланттуу актер-актрисалар ойношкон.

Андан соң Кыз-күйөөнүн обарзында Жеңиш Сманов, Нускайым Бекмуратова, Гүлнара Сатаровалар иштеп жатышса, Сот жана энени КР эл артисттери Жамиля Сыдыкбаева, Шайгүл Алсеитовалар ойноп келишет. Ошентип муундан муунга өткөн образдар улуулардан калган керээз катары ушул күнгө чейин астейдил мамиле менен колдон-колго өтүп келе жатат.

Поделиться: