
22-февраль саат 19:00
М.Касеновдун “Алда жаш жубайлар, ай!” комедиясы үй-бүлөлүк баалуулуктарды баяндайт. Өзгөчө жаңыдан баш кошкон жаш жубайлардын ортосундагы майда-барат нерселерден улам чыккан талаш-тартыштарды, анын чечүү жолдорун кылдат түшүндүрөт. Автор аталган чыгармасы аркылуу эркек менен аялдын коомдогу ордун көрсөтүп эле тим болбостон, бири-бирине болгон кызганыч сезимдин жетээр чегинен ашпашы керектигин таамай көрсөткөн. Спектакль дал ушул кызганыч сезиминин чегин билүүгө үндөп, андан ашкан соң арты өкүнүчкө алып барарын таасын көрсөтөт.
✨ Ролдордо:
Касым: Б. Шаршенбаев
Зуураш: Н. Бекмурат кызы
Багратион: К. Атакан уулу
Газиза: М. Асанбекова
Азат: Ө. Израилов
Бану: Ж. Исакова
Бекзат: А. Шерикул уулу
Лаззат: А. Кеңешбекова
Лаззаттын элеси: А.Карагулов
⸻
• Театрдын көркөм жетекчиси: А. Имашова, КРнын Эмгек сиңирген артисти
• Театрдын директору: А. Өзүбеков, КРнын Эл артисти






