headerLogo
+996 704 144 155
Кундуз Таштаналиева "Өрнөктүү өнөр"
Кундуз Таштаналиева "Өрнөктүү өнөр"
Цена
От 1 000 KGS
Место проведения
Национальная филармония имени Т. Сатылганова. Бишкек, ​Проспект Чуй, 251
Продолжительность
2ч 30м
Дата
31 октября 2025, 18:30, пт
Количество билетов
56 шт
Язык
KG
Возрастные ограничения
7+
Ограничения по возврату
За 3 суток до мероприятия обмен и возврат невозможны
Правила возврата

Күздүн күнү “Күтүлбөгөн жаз”келип,
“Күчтүү сезим” ырга айланып жаңырган.
Жыйырма жыл чоң сахнада күн кечип,
Жылып жаштык, кайрык издеп агылган.
Кундуз ырдайт кумар кылган обонун,
Кыргыз уксун, мукам үнүн сагынган.

Урматтуу өнөр сүйгөн улуу журт! Күркүрөгөн күздүн күнүндө, элибиздин эрке кызы, өнөрдө өз чыйырын салып келе жаткан Кундуз Таштаналиева 31-октябрь саат 18:30да  “Өрнөктүү өнөр” аталышындагы чыгармачылык кечесине чакырат!

Жыйырма жылдык чоң сахнадагы отчеттук концертти “Камбаркан” этнографиялык ансамбли, элибиздин эл артисттери, эмгек сиңирген артисттери ошондой эле Кундуз Таштаналиеванын шакирттери коштойт!

Таланттуу кызыңыздар ыр казынасынан чачыла чачат, жан дүйнөнү аруулаган кечеге жалпыңыздарды чакырабыз!

Дареги: Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы!

Байланыш тел: 0557 27 08 96, 0707606236

Поделиться: