headerLogo
+996 704 144 155
КАРАГУЛ БОТОМ
Все билеты распроданы
КАРАГУЛ БОТОМ
ЦенаБесплатно
Место проведенияКыргызский академический драматический театр им. Т. Абдумомунова. Бишкек, Абдумомунов, 230
Продолжительность1ч 20м
Дата12 февраля 2026, 19:00, чт
Количество билетов0 шт
ЯзыкKG
Возрастные ограничения-
Ограничения по возвратуЗа 3 дня до мероприятия обмен и возврат невозможныПравила возврата

Т.Абдумомунов “Карагул ботом”

КР эл жазуучусу, белгилүү драматург Т.Абдумомуновдун 100 жылдыгына арналып коюлган анын “Карагул ботом” притчасы тээ бир байыркы жоокер заманда уруулар уруу менен чабышып, ат үстүндө эрлер өлүп, бешенеге жазылса, бешиктеги балдар өлгөн коогалаң  доордо жашаган элдин турмушу, ошол доордо бир урууну жалгыз баккан Карыпбай атуу көзгө атар мергенчинин тагдыры, сүйүүсү, трагедиясы, артымдан туяк калтырам деп тарткан азабы, муң-кайгысы тууралуу баяндалат.  Карыпбайдын эки уулу доодо, эки уулу жоодо өлүп кабыргасы кайышат. Канаттары кыркылып, каңгырап жалгыз калган мергенчи алтымышка таяганда Карагул аттуу уулдуу болуп, карыганда көргөн жалгызын кесепет-кырсыктан сактайм, тукумумду улачу тумарым болсун деп, элден безип, тоо арасын түнөк кылып, көчүп кетет. 
Коюучу топ:
Режиссер-коюучу – Н.Мендебаиров, КР эмгек сиңирген артисти
Сүрөтчү-коюучу – С.Ниязакунов
Музыкалаштырган – Ы.Усманов
Балетмейстер – Ж.Исакова
Поэтикалык текст – Н.Рыскул кызы
Костюм боюнча сүрөтчү – З.Мукамбетова
Режиссердун ассистенти – Д.Жанжигитов, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты
Режиссердун жардамчысы – Э.Жумалиева

Ролдордо:
Карагул – С.Калыбек уулу, арт.
Карыпбай – А.Болорбек уулу, арт.
Сырга – А.Кыйыкбаева, КР эмгек сиңирген артисти
Шаа мүйүз – Г.Каниметова, КР эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, К.Сейдалиева, КР эл артисти
Сынык мүйүз – КР эл артисттери Ж.Сыдыкбаева, А.Назаркулова
1-улак – Ө.Израилов, арт.
2-улак – А.Шерикул уулу, арт.
3-улак – Ж.Талантбек уулу, арт.
4-улак – Ж.Касейинов, арт.

Кыргызстан, Бишкек г., Абдымомунова улица, 222

Поделиться: