
"Бир келип кетчи Ош жакка"
С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын чыгармачыл жамааты КР эл жазуучусу Арслан Капай уулу Койчиевдин "Тагдыр жөнүндө ыр" чыгармасынын негизинде даярдалган "Бир келип кетчи Ош жакка" спектаклин тартуулайт.
Койгон режиссер ‐- Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Уланмырза Карыпбаев.
Бул спектакль — 30-40-жылдардагы кыргыз айылынын турмушу, экологиялык көйгөй, репрессия жана Улуу Ата-Мекендик согуш сыяктуу тарыхый окуяларда адам тагдыры, согуштун азабы жана Мекенден алыс жүргөн адамдын ички трагедиясы чагылдырылат.
Дүйнөлүк согуш. Немис туткуну. Жат жерде өткөн өмүр. Ал — өз жеринде «саткын», бөтөн жерде «келгин». Анын биргана чындыгы бар — ал алыскы кыргыз айылында калган, убакыт да, аралык да өчүрө албаган аруу сүйүүсү.
Тагдырдын катаал соккусуна кабылган, бирок жүрөгүндөгүжалгыз сезимин сактап калган адамдын трагедиясыкөрүүчүлөр терең эмоция жаратып, жашоо жөнүндө ой-сезимине






