
“Сүйөм! Бирок…”
(Поэтикалык монодрама)
Автор: К. Таажы
Режиссёр: Э. Эгембердиев
Композитор: Н. Болотбеков
АННОТАЦИЯ
"Сүйөм бирок..." спектакли - сүйүү жөнүндө поэтикалык монодрама. Чыгарманын негизги идеясы - сүйүү гана адамдын адамдык касиетин сактай алат.
Бүгүнкү күндө адам баарын жасап ала турган болуп калды. Керек болсо, роботтор бала төрөп берет деген да имиштер бар. Дүйнөнүн жыйырма пайызы сүйүүсүз эле роботторго үйлөнүп, жашай баштаптыр дешет.Сүйүүсү жок баш кошуп жашагандары канча?
Адамды бир гана нерсе бактылуу кыла алат.
Адам аны өз колу менен жасай албайт, жок да кыла албайт. Ал - жүрөгүңө чагылгандай жарк этип түшкөн улуу сүйүү!
Эх адамым! Сен бир адамды сүйүп калсаң эч качан уялба, өзүңдү күнөөлүү сезбе! Сен аны менен сыймыктанып жүр!
Сезим - назик, жумшак, бейпил, чынчыл, ишенимдүү жана сен издеген жакшы дүйнө. Ошол эле учурда айыкпас оору, а кээ бирде билген кишиге чоң кырсык дагы. Күтүлбөгөн жерден сени азапка салып, жаныңды өрттөп, бирде чокко салып, бирде сууга салып, аёосуз жанды кыйнайт. Бир кызыгы ушул оорудан да айыккың келбейт...
Дүйнөгө адам адамды сүйүү үчүн гана келсе керек, бирок...
Ролдордо:
Муза: А. Акылбекова
Пианист: Н. Болотбеков
Театрдын директору: А. Алыбаев
Көркөм жетекчиси: Э. Эгембердиев
Оюндун жүрүшү: 1 саат 15 мүнөт.






