headerLogo
+996 704 144 155
Ош шаары: Өзгөрүш Абакировдун оркестр коштоосунда поэзия кечеси
Ош шаары: Өзгөрүш Абакировдун оркестр коштоосунда поэзия кечеси
Цена
От 1 000 KGS
Место проведения
Национальный драматический театр им. С. Ибраимова . Ош, Улица Ленина, 243
Продолжительность
1ч 30м
Дата
25 сентября 2026, 18:30, пт
Язык
KG
Возрастные ограничения
-
Ограничения по возврату
За 3 суток до мероприятия обмен и возврат невозможны
Правила возврата

Урматтуу Ош шаарындагы поэзия күйөрмандары, кымбаттуу достор!

 

Сиздерди 25-сентябрь күнү саат 18:30да Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында боло турган кооз, коңур үнү менен акындардын ырларын жаңы өңүттө көркөм окуган Өзгөрүш АБАКИРОВдун  ОРКЕСТР коштоосунда өтө турчу ЖАҢЫ ПРГОРАММАдагы поэзия (көркөм окуу) кечесине чакырабыз.

 

Бул күнү зал ичи поэзиянын укмуштуудай абасына толот. Сөздүн гүлүн терип сезимдердин түпкүрүнө саякатка чыгабыз. Сиз менен биз сезимдерибизди бөлүшүү үчүн бир аянтчага чогулабыз.

 

Кечеде классик акындардын ырларынан тарта заманбап акындардын чыгармаларына чейин тандалма ырларды оркестрдын коштоосунда уга аласыз. Биз менен поэзия дүйнөсүнө сүңгүп, сөз менен тартылган сүрөттөрдүн сыйкырынан ырахат алыңыз.

 

Коноктор: Элина АЙТПАЕВА, Роза РЫСБЕК, Атай БАЛБАКОВ

 

Досторуңуз, үй – бүлөңүз менен же жалгыз келиңиз! Поэзия кечеси сөз баалаган жана жан дүйнө гармониясын издеген адамдар үчүн ачык.

Кыргыз тилин, кыргыз поэзиясын жаштар арасында көркөм окуу, өзгөчө шөкөттөө менен жайылтып, популизациялап, романтизациялап жаткан Өзгөрүш Абакировдун аракетине өз бааңызды берип, колдоп кетиңиз!

 

Кече оркестрдын коштоосунда өтөт.

Поэзия кечесинде жолукканга чейин!

Поделиться: