
ЖАҢЫ СЕЗОНГО – ЖАҢЫ СПЕКТАКЛЬ “КҮНӨӨ”!
Урматтуу театр сүйүүчүлөр!
Сиздерди 21-22-сентябрда өтө турган Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры театрынын 55-театралдык жаңы сезонунун ачылуу аземине жана жаңы спектаклдин бет ачарына чакырабыз.
Театрдын жаңы сезону казак классиги Магжан Жумабаевдин чыгармасы боюнча сахналаштырылган "КҮНӨӨ" спектаклинин премьерасы менен ачылат!
Спектакль эмне жөнүндө?
Бул — катаал элдик салттары менен өзүнүн жалындуу сезимдеринин туткунунда калган аялдын терең, сезимтал жана трагедиялуу окуясы.
Чолпон энелик бакытты кечигүү менен зар болуп эңсейт, бирок бул эңсөө аны күнөө жасоого мажбурлайт.
Коомдук адеп-ахлак мыйзамы менен жалгыздыктан сыздаган жан дүйнөнүн кыйкырыгынын ортосундагы ажырым канчалык?
Спектаклдин режиссеру Баатырбек Шамбетов (Казакстан);
Сүрөтчүсү – Садыр Ниязакунов
Урматтуу театр сүйүүчүлөр!
Келиңиздер, сезонду баштаган мыкты спектакль көрүп, жан дүйнөнү жаңылап кетиңиздер!
Биз сиздерди кучак жая күтөбүз!






