
Автор жана режиссер Уланбек Баялиев
Сагымбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин классикалык вариантындагы Манас эпосунун негизинде
“Чоң казат”
(кино-жомок)
Манас – кыргыз элинин руханий дөөлөтү, улуттук аң-сезиминин өзөгү, тарыхый эс тутумунун түгөнгүс булагы. Улуу эпос азыркы Кыргызстандын мамлекет катары түптөлүшүнө, алгачкы чек араларынын аныкталышына да зор таасирин тийгизген. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүлөрүнүн ар бири “Манас” эпосу менен өзгөчө байланышта болгон. И. Арабаев эпосту жыйноо жана кагазга түшүрүү иштерине жетекчилик кылса, К. Тыныстанов аны алгачкылардан болуп сахнага алып чыккан. А. Сыдыковдун каймана аты “Манас” болгону жазылат. Ал эми Ж. Абдрахмановдун өмүр жолу өзүнчө бир эпикалык дастанга тете.
“Чоң казат” – мезгилдер менен тагдырлар тогошкон, тарых менен бүгүнкү күн астейдил жуурулушкан баян. Ар кыл доордо жашаган инсандар бир мейкиндикте кездешип, алардын тарыхый бейнесинин артындагы адамдык дүйнөсү ачылат. Ой-толгоолору, сезимдери, үмүтү менен санаасы, ар бир пендеге мүнөздүү ички карама-каршылыктары көрүүчүнүн алдына тартууланат. Бул спектакль аркылуу биз татаал тагдырды башынан кечирген инсандардын жан дүйнөсүнө үңүлүп, аларды түйшөлткөн түбөлүктүү суроолорго кулак төшөп, жүрөк түпкүрүндөгү аруу тилектерин, руханий умтулууларын аңдап билүүгө аракет кылабыз.
Катышуучулар жана аткаруучулар:
1. Жомокчу – Данияр Жанжигитов, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты
2. Жаш жомокчу – Баястан Бейшенбаев, арт.
3. Манас – Атай Өмүрбеков, арт., Өмүрбек Израилов, арт.
4. Алмамбет – Данияр Жанжигитов, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты
5. Бакай – Болорбек уулу Адыл, арт.
6. Чубак – Жылдызбек Касейинов, арт., Амангельди Шерикул уулу, арт.
7. Сыргак – Эржан Осмонов, Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик Жаштар сыйлыгынын лауреаты
8. Үч кыз – Нурзат Болотбекова, арт., Айсанат Эдигеева, арт., Гүлнара Сатарова, арт.
9. К. Тыныстанов – Бактияр Шаршенбаев, арт., Арген Карагулов, арт.
10. Ж. Абдрахманов – Амангельди Шерикул уулу, арт.
11. И. Арабаев - Канболот Атакан уулу, арт., Адыл Болорбек уулу, арт.
12. А. Орозбеков – Өмүрбек Израилов, арт., Аскар Качкынбаев, арт.
13. А. Сыдыков –Мырзабек Жумагасы уулу, арт.
14. И. Айдарбеков – Болорбек уулу Адыл, арт.
15. Т. Айтматов – Арген Карагулов, арт., Бактияр Шаршенбаев, арт.
16. Мария Натонсон – Жаңылай Исакова, арт.
17. Дознаватель – Камчы Сарыбаев, КР Ардак грамотасынын ээси
18. Дознаватель – Арнис Кыдырмышев, КР Ардак грамотасынын ээси
19. Хадича – Кеңешбек кызы Арайлым, арт., Бекмурат кызы Нускайым, арт.
21. Адалат – Айсанат Эдигеева, арт.
22. Абышка – Аскар Качкынбаев, арт.
23. Кыз – Махабат Асанбекова, арт.
24. Биринчи бала – Умар Мудунов, арт.
25. Экинчи бала – Баястан Бейшенбаев, арт.
26. Хавахан – Мээрим Касаболотова, арт.
27. Жанара Борисова, арт.
Коюучу топ:
Режиссер коюучу – Уланбек Баялиев
Сүрөтчү коюучулар – Юлдаш Нурматов, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Садыр Ниязакунов, Руслан Жунусалиев
Жарык берүү боюнча сүрөтчү – Макаров Арсений Геннадьевич
Режиссердун ассистенти – Өмүрбек Израилов
Режиссердун пластика боюнча ассистенти – Жаңылай Исакова
Режиссердун жардамчысы - Эльвира Жумалиева
Костюм боюнча сүрөтчү – Мария Аблакова
Композитор – Алмаз Куланбаев
Музыка берүүчү – Абды Осмонов
Жарык берүүчү – Арген Айдаралиев
Видеого тартуу – Баястан Бейшембаев, Умар Мүдүнов, Айтаалы Кочкоров.






