Ч. Айтматов
“Эрте келген турналар”
Спектаклде Улуу Ата Мекендик согуштун каардуу жылдарындагы өспүрүмдөрдүн көргөн күнү, тарткан азабы, эл ишин аркалаган эрдиги, алгачкы махабаты жана учкул кыялдары чагылдырылган. Каармандардын ички-сезим туюмдары жалаң эле диалог, монологдор аркылуу эмес пластикалык кыймыл-аракет, бий, обондуу ырлар аркылуу баяндалат.
Декорация, динамикалдуу жарык берүү, музыканын ыргактары чыгарманын идеясын терең ачып берүүгө көмөктөшөт.
Режиссеру -Ш. Дыйканбаев.
Сүрөтчүсү - С. Ниязакунов.
Музыкалаштырган – КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Т. Бейшеев.
Бий коючу – Н. Карабаев.
Театрдын көркөм жетекчиси, КР эмгек сиңирген артисти - О. Айдаров