Өзгөрүш Абакировдун поэзия
Каракол, Зрительного зала Иссык-Кульского областного музыкально-драматического театр им. К. Жантошева, 32 Тыныстанова (1-Мая), Каракол
от 600 c

Это информационный сеанс

О мероприятии

Урматтуу Ысык-Көл облусундагы поэзия күйөрмандары, кымбаттуу достор! 

Сиздерди 13-декабрь саат 18:30да Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын жайлуу залында боло турган кооз, коңур үнү менен акындардын ырларын жаңы өңүттө көркөм окуган Өзгөрүш АБАКИРОВдун поэзия (көркөм окуу) кечесине чакырабыз.

Бул күнү зал ичи поэзиянын укмуштуудай абасына толот. Сөздүн гүлүн терип сезимдердин түпкүрүнө саякатка чыгабыз. Сиз менен биз сезимдерибизди бөлүшүү үчүн бир аянтчага чогулабыз.

Кечеде классик акындардын ырларынан тарта заманбап акындардын чыгармаларына чейин тандалма ырларды уга аласыз. Биз менен поэзия дүйнөсүнө сүңгүп, сөз менен тартылган сүрөттөрдүн сыйкырынан ырахат алыңыз.

Бул укмуштуудай кечти жылдыздуу меймандар коштойт: КР эмгек сиңирген артисти Чынгыз МАМАЕВ, Роза РЫСБЕК, Элина КУЦЕНКО, Раиса АКЫЛТАЙ кызы жана Атай БАЛБАКОВ пианино менен коштойт.

Досторуңуз, үй – бүлөңүз менен же жалгыз келиңиз! Поэзия кечеси сөз баалаган жана жан дүйнө гармониясын издеген адамдар үчүн ачык. 

Кыргыз тилин, кыргыз поэзиясын жаштар арасында көркөм окуу, өзгөчө шөкөттөө менен жайылтып, популизациялап, романтизациялап жаткан Өзгөрүш Абакировдун аракетине өз бааңызды берип, колдоп кетиңиз! 
Кече жандуу музыканын коштоосунда өтөт.
Поэзия кечесинде жолукканга чейин!

Адрес
32 Тыныстанова (1-Мая), Каракол