КУПУЯЛУУЛУК САЯСАТЫ

Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу саясаты (мындан ары – Саясат) Европа Бирлигинин 2016-жылдын 27-апрелиндеги Маалыматтарды коргоо боюнча жалпы регламентинин (General Data Protection Regulation) жоболорун, башка мыйзам актыларын жана жергиликтүү ченемдик укуктук актыларын эске алуу менен эске алуу менен, 2008-жылдын 14-апрелиндеги 58 № 58 «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө », Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан.

1 Компаниянын Сайты же Интернет-ресурсу – Компанияга таандык домендик аталыштардын бардык деңгээлдерин эске алуу менен kassir.kg веб-сайты;

2. Колдонуучу – 18 жашка толгон жана Компаниянын кызматтарын буйрутма берүүнү, комментарий калтырууну, веб-сайтка катталууну же Компаниянын интернет ресурсунун функционалында каралган башка аракеттерди жасоону каалаган аракетке жөндөмдүү жеке жак;

3. Жеке маалыматтар - тике же кыйыр түрдө аныкталган же аныкталуучу жеке жакка (жеке маалыматтар субъектине) тиешелүү болгон ар кандай маалымат;

4. Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу - жеке маалыматтар менен автоматташтыруу каражаттарын пайдалануу менен же мындай каражаттарды колдонбостон аткарылуучу ар кандай аракеттер (операциялар) же аракеттердин (операциялардын) жыйындысы, анын ичинде жеке маалыматтарды чогултуу, жазуу, системалаштыруу, топтоо, сактоо, тактоо (жаңыртуу, өзгөртүү), алуу, пайдалануу, берүү (жайылтуу, берүү, кирүү мүмкүндүгү), ээсиздендирүү, бөгөттөө, өчүрүү, жок кылуу;

5. Жеке маалыматтарды автоматташтырылган иштеп чыгуу - жеке маалыматтарды эсептөө техникасы каражаттарынын жардамы менен иштеп чыгуу;

6. Жеке маалыматтарды жайылтуу – аныкталбаган адамдар чөйрөсүнө жеке маалыматтарды ачыкка чыгарууга багытталган аракеттер;

7. Жеке маалыматтарды берүү - белгилүү бир адамга же белгилүү бир адамдар тобуна жеке маалыматтарды ачыкка чыгарууга багытталган аракеттер

8. Жеке маалыматтарды бөгөттөө - жеке маалыматтарды иштеп чыгууну убактылуу токтотуу (иштеп чыгуу жеке маалыматтарды тактоо үчүн зарыл болгон учурлардан тышкары);

9. Жеке маалыматтарды жок кылуу – анын жыйынтыгында жеке маалыматтардын маалыматтык системасында жеке маалыматтардын мазмунун калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон жана (же) анын жыйынтыгында жеке маалыматтардын материалдык алып жүрүүчүлөрү жок кылынган аракеттер;

10. Жеке маалыматтарды ээсиздендирүү – анын жыйынтыгында кошумча маалыматты колдонбостон жеке маалыматтардын конкреттүү жеке маалыматтар субъектине таандыктыгын аныктоого мүмкүн болбогон аракеттер;

11. Жеке маалыматтардын маалыматтык системасы - жеке маалыматтардын маалымат базаларында камтылган жана аларды иштеп чыгууну камсыз кылуучу маалыматтык технологиялардын жана техникалык каражаттардын жыйындысы.

12. Cookies – Колдонуучунун түзүлүшүнө орнотулган программалык камсыздоону колдонуу менен Сайтты пайдалануу процессинде Компанияга автоматтык түрдө берилүүчү маалыматтар, анын ичинде IP-дареги, географиялык жайгашкан жери, Колдонуучунун браузери жана түзүлүшүнүн операциялык сситемасынын түрү жөнүндө маалымат, Колдонуучу пайдаланган жабдуунун жана программалык камсыздоонун техникалык мүнөздөмөлөрү, Сайтка кирүү датасы жана убактысы.

1. Жалпы жоболор

1.1. Колдонуучунун Сайтты пайдалануусу ушул Купуялык саясатына жана Колдонуучунун жеке маалыматтарын иштеп чыгуу шарттарына макулдугун билдирет.

1.2. Купуялык саясатынын шарттары менен макул болбогон учурда Колдонуучу Сайтты пайдаланууну токтотушу керек.

1.3. Ушул Купуялык саясаты Сайтка гана колдонулат. Компания Колдонуучу Сайтта жеткиликтүү шилтемелер аркылуу өтүшү мүмкүн болгон үчүнчү жактардын сайттарын көзөмөлдөбөйт жана алар үчүн жоопкерчилик тартпайт.

1.4. Сайттын функционалын пайдаланууда Колдонуучу Компанияга төмөндөгү жеке маалыматтарды бериши мүмкүн (жеке маалыматтардын тизмеги жана түрлөрү Колдонуучу пайдаланган интернет-ресурстун конкреттүү функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнөн көз каранды болот): фамилиясы, аты, электрондук почта дареги, байланыш телефон номери, колдонуучунун идентификациялык маалыматтары (user ID).

1.5. Өзүнүн жеке маалыматтарын берүү менен Колдонуучу аны иштеп чыгууга (колдонуучунун жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун артка чакыртып алганга чейин), анын ичинде Компания тарабынан Саясатта каралган учурларда Сайттын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык жарнамалык, маалымдама маалыматтарын, сервистерди берүү максатында жана 2-бөлүмгө ылайык башка максаттарда чогултууга, сактоого, ээсиздендирүүгө, үчүнчү жактарга берүүгө макулдугун берет.

1.6. Эгерде колдонуудагы мыйзамдарда башкача каралбаса, Колдонуучу тарабынан берилген жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук жеке маалыматтарды иштеп чыгууга мындай макулдук берилген күндөн тартып иштеп чыгуу максаттарына жеткен же Колдонуучу макулдукту артка чакыртып алган учурга чейин колдонулат.

1.7. Колдонуучу ушул Саясатта белгиленген тартипте Компанияга берилген макулдугун каалаган учурда артка кайтарып ала алат.

2. Колдонуучунун жеке маалыматтарын чогултуу жана иштеп чыгуу максаты

2.1. Компания жеке маалыматтарын иштеп чыгууда адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоону, анын ичинде жеке турмуштун кол тийбестигине, жеке жана үй-бүлөлүк сырга болгон укуктарды коргоону өзүнүн ишмердүүлүгүнүн негизги максаты жана шарты катары белгилейт.

2.2. Компания Колдонуучу берген маалыматтарды төмөндөгү максаттарла пайдаланат:

2.2.1. Колдонуучуну Сайтта каттоо жана идентификациялоо, Колдонуучуга Сайтты толук кандуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү;

2.2.2. Колдонуучунун билдирмеси боюнча андан аркы коммуникация үчүн, анын ичинде Колдонуучунун билдирмеси боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн Компаниянын өнөктөш – үчүнчү жактары менен, Компания тарабынан кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча консультация берүү;

2.2.3. өнөктөш сайттарда аккаунт түзүү жана өзүнүн эсепке алуу жазуусуна/ аккаунтуна кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү;

2.2.4. маалыматтык мүнөздөгү билдирүүлөрдү жөнөтүү;

2.2.5. жарнама, товарларды, иштерди (кызматтарды) илгерилетүү, анын ичинде Колдонуучунун жеке каалоолору жана жөндөөлөрү жөнүндө алынган маалыматтын негизинде;

2.2.6. Компаниянын сайтынын ишин баалоо жана талдоо;

2.2.7. Колдонуучу берген маалыматтарды ээсиздендирүнүн негизинде жарнама жайгаштыруунун натыйжалуулугун, статистикалык изилдөөлөрдү талдоо;

2.2.8. Колдонуучуга акциялар, арзандатуулар жана атайын сунуштар тууралуу электрондук почтадагы жөнөтмөлөр, телефон байланышы аркылуу маалымдоо;

2.2.9. маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү, анын ичинде подрядчы (аткаруучу, консультант) катары үчүнчү жактарды тартуу менен;

2.2.10. Колдонуучуга кредиттерди берүүгө жана/же кредиттөө шарттарын макулдашууга байланыштуу өнөктөш банктар менен коммуникация жүргүзүү.

3. Колдонуучунун жеке маалыматтарын чогултуу жана иштеп чыгуу шарттары

3.1. Колдонуучулардын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын аймагында маалымат базасын пайдалануу менен ишке ашырылат;

3.2. Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу автоматташтырылган каражаттарды пайдалануу менен да, аларды пайдаланбастан да ишке ашырылат;

3.3. Компания ушул Саясатта атайын көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, Колдонуучудан алынган маалыматты үчүнчү жактарга бербөөгө милдеттенет;

3.4. Колдонуучулардын жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга - Компаниянын өнөктөштөрүнө берүү зарыл болгон учурда Колдонуучулардын алдындагы милдеттенмелерин аткаруу максатында Колдонуучулардын макулдугунун негизинде ишке ашырылат;

3.5. Компания, ал эми Колдонуучулардын жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга - Компаниянын өнөктөштөрүнө берүү зарыл болгон учурдабул жактар, эгерде колдонуудагы мыйзамдарда жана/же ушул Саясатта башкача каралбаса, Колдонуучунун макулдугусуз жеке маалыматтарды жашырын сактоого, ачыкка чыгарбоого жана жайылтпоого милдеттенишет;

3.6. Колдонуучулардын жеке маалыматтарын сактоо электрондук алып жүрүүчүлөрдө, ал эми Колдонуучулардын алдындагы милдеттенмелерди аткаруу максатында жеке маалыматтар алынгандан кийин материалдык алып жүрүүчүлөрдө ишке ашырылышы мүмкүн;

3.7. Жеке маалыматтарды сактоо Колдонуучулардын алдындагы милдеттенмелерди аткаруу үчүн объективдүү зарыл болгон мөөнөттүн чегинде жүргүзүлөт жана төмөнкү окуялар менен аныкталат (кайсы окуя мурда болгонуна жараша):

3.7.1. Колдонуучу жеке кабинети аркылуу жеке маалыматтарды жок кылганга чейин;

3.7.2. Колдонуучудан жеке маалыматтарды жок кылуу же аларды иштеп чыгууга макулдугун артка чакыртып алуу жөнүндө талап келип түшкөндүгүнө байланыштуу Компания тарабынан жеке маалыматтар жок кылынганга чейин;

3.7.3. Колдонуучунун макулдугунун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин.

3.8. Компания маалыматтарды жок кылуу же маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун артка чакыртып алуу жөнүндө талапты алган учурдан тышкары, Колдонуучунун алдында милдеттенмелерди аткаргандан кийин ушул Саясаттын 2.2.7-пунктунда көрсөтүлгөн максаттар үчүн Колдонуучунун жеке маалыматтарын ээсиздендирилген түрдө сактоого укуктуу.

3.9. Колдонуучулардын жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга - Компаниянын өнөктөштөрүнө берүү зарыл болгон учурда Саясатта түздөн-түз каралган учурларда, мындай берүү төмөнкү шарттарды сактоо менен ишке ашырылат:

3.9.1. үчүнчү жак - Компаниянын өнөктөшү аларды иштеп чыгууда жана пайдаланууда жеке маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылат жана маалыматтарды башка жактарга ачыкка чыгарбоого, ага тете эле Колдонуучулардын жеке маалыматтарын алардын макулдугусуз жайылтпоого милдеттенет;

3.9.2. үчүнчү жак - Компаниянын өнөктөшү аларды иштеп чыгууда жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча төмөнкү чаралардын сакталышын кепилдейт: маалыматты коргоо каражаттарын пайдалануу; жеке маалыматтарга санкциясыз жетүү фактыларын аныктоо жана каттоо жана жеке маалыматтарды калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүү; жеке маалыматтарга жетүү мүмкүндүгүн чектөө; жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча колдонулуучу чаралардын натыйжалуулугун контролдоо жана баалоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка чаралар;

3.9.3. үчүнчү жакка - Компаниянын өнөктөшүнө Колдонуучулардын жеке маалыматтарын берүүгө жана жайылтууга тыюу салынат.

3.10. Маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негиздүү жана колдонулуучу талаптарына ылайык берүү, ага тете Компания менен келишимдин (макулдашуунун) негизинде аракеттенген өнөктөштөргө Колдонуучунун алдындагы милдеттенмелерди аткаруу үчүн маалымат берүү; Компаниянын сайтынын ишине баа берүү жана талдоо, жеке сунуштарды берүү, Колдонуучунун жеке каалоолорунун жана жөндөөлөрүнүн негизинде жарнамаларды көрсөтүү, ошондой эле маркетингдик, аналитикалык жана/же статистикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында Колдонуучу жөнүндө маалыматтарды жеке эмес формада Компания тарабынан үчүнчү жактарга берүү ушул Саясатта каралган милдеттенмелерди бузуу деп эсептелбейт.

3.11. Компания «cookies» («куки») технологиясын пайдаланууга укуктуу. «Cookies» файлдары купуя маалыматты камтыбайт. «Cookies» файлдары Колдонуучунун артыкчылыктарын жана жөндөөлөрүн эстеп калуу, ошондой эле Сайтка киргендер жөнүндө аналитикалык маалыматтарды чогултуу үчүн колдонулат. Сайтты пайдалануу деген Колдонуучу бардык «cookies» файлдарын жана Сайтка кирүү жөнүндө аналитикалык маалыматтарды колдонууга, ошондой эле аларды үчүнчү жактарга берүүгө макул экендигин билдирет.

3.12. Колдонуучу Компаниядан анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга тиешелүү маалыматтарды алууга укуктуу. Компания Колдонуучуга же анын өкүлүнө Колдонуучуга тиешелүү жеке маалыматтар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн акысыз берет.

3.13. Маалыматтар толук эмес, так эмес же актуалдуу эмес экендиги аныкталган учурда Компания Колдонуучунун маалыматынын негизинде Колдонуучунун жеке маалыматтарына 7 (жети) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө зарыл өзгөртүүлөрдү киргизет жана киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө Колдонуучуга билдирет.

3.14. Эгерде Колдонуучу же анын өкүлү Компанияга анын жеке маалыматтарын мыйзамсыз алуу же иштеп чыгуу фактысын, ага тете анын жеке маалыматтары менен аракеттер иштеп чыгуу максаттарына дал келбегендигин тастыктаган учурда, Компания 7 (жети) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө Колдонуучунун мындай жеке маалыматтарын жок кылууга жана көрүлгөн чаралар жөнүндө Колдонуучуга билдирүүгө милдеттенет.

4. Колдонуучунун жеке маалыматтарын иштеп чыгууну токтотуу шарттары

4.1. Компания төмөндөгү учурларда Колдонуучунун жеке маалыматтарын иштеп чыгууну токтотууга же Компаниянын үчүнчү жак – өнөктөшү тарабынан иштеп чыгууну токтотууну камсыз кылууга милдеттенет:

4.1.1. Колдонуучунун жеке маалыматтарын мыйзамсыз иштеп чыгууну аныктоо;

4.1.2. Колдонуучунун анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугун артка чакыртып алуусу;

4.1.3. Колдонуучудан жеке маалыматтарды жок кылуу жөнүндө талаптарды алуу;

4.1.4. жеке маалыматтарды иштеп чыгуу максатына жетүү.

4.2. 4.1-пунктта көрсөтүлгөн учурлар башталганда Компания эгерде мыйзамда башка мөөнөт белгиленбесе, 30 (отуз) күндөн ашпаган мөөнөттө маалыматтарды жок кылууну камсыз кылат.

4.3. Колдонуучунун жеке маалыматтарын көрсөтүлгөн мөөнөттө жок кылуу мүмкүн болбогондо, Компания Колдонуучунун жеке маалыматтарын бөгөттөйт жана мыйзамда белгиленген, бирок 6 (алты) айдан ашпаган мөөнөттө аларды жок кылууну камсыз кылат.

5. Корутунду жоболор

5.1. Колдонуучу info@kassir.kg электрондук почтасы аркылуу Операторго кайрылып, өзүнүн жеке маалыматтарын иштеп чыгууга тиешелүү кызыктырган маселелер боюнча ар кандай түшүндүрмөлөрдү ала алат.

5.2. Бул документте Оператор тарабынан жеке маалыматтарды иштеп чыгуу саясатындагы бардык өзгөртүүлөр чагылдырылат. Саясат аны жаңы версия менен алмаштырганга чейин мөөнөтсүз күчүндө болот.

5.3. Саясаттын шарттары менен макул болбогон учурда, Колдонуучу Сайтты жана анын сервистерин колдонууну дароо токтотушу керек. Саясаттын жаңы редакциясы жарыялангандан кийин Сайтты же анын сервистерин колдонууну улантуу Колдонуучунун Саясатты жана анын шарттарын кабыл алуусун билдирет.

5.4. Саясаттын актуалдуу версиясы kassir.kg дареги боюнча Интернет тармагында эркин жетүү мүмкүндүгүндө жайгашкан.

5.5. Биз IP дареги сыяктуу колдонуучунун маалыматтарын сактайбыз