Айкын оферта

БИЛЕТТЕРДИ САТУУ ЖАНА БРОНДОО БОЮНЧА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮГӨ АЙКЫН ОФЕРТА КЕЛИШИМИ

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1.1. Бул Келишим «Билет онлайн» жоопкерчилиги чектелген коомунун Аткаруучунун кызматтарын пайдаланууга даярдыгын билдирген жана ушул Келишимдин шарттарын (офертаны) кабыл алган ар кандай юридикалык же жеке жак менен, же мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен, мындан ары Буйрутмачы деп аталган, Интернет тармагындагы https://kassir.kg дареги боюнча расмий сайтында жарыяланган кызмат көрсөтүүгө айкын келишими (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 398-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде айкын оферта) болуп саналат.

1.2. Ушул Келишимде көрсөтүлгөн айкын оферта Аткаруучунун Интернет тармагындагы сайтындагы https://kassir.kg дарек боюнча жайгаштырылган учурдан тартып күчүнө кирет жана Аткаруучу офертаны артка чакыртып алган учурга чейин күчүндө болот.

1.3. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 399-беренесине ылайык ушул айкын офертанын шарттарынын акцепти (шартсыз кабыл алуу) (Келишим түзүү учуру) болуп Буйрутмачынын ушул Келишимдин шарттарына ылайык Аткаруучу тарабынан көрсөтүлүүчү Кызматтарга төлөө фактысы эсептелет.

1.4. Ушул Келишимдин 1.3-пунктунда аныкталган тартипте ушул айкын офертанын акцептин жүргүзүү менен, Буйрутмачы https://kassir.kg дарегинде жарыяланган ушул Келишимдин текстинде берилгендей Келишимдин бардык шарттарына макул болот жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык ушул айкын оферта келишиминин негизинде Аткаруучу менен келишимдик мамилелерге кирген жак катары каралат. Мында Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 395-беренесине ылайык ушул Келишимди Тараптар жазуу жүзүндө түзүштү деп таанылат.

1.5. Аткаруучу каалаган убакта айкын офертанын (ушул Келишимдин) шарттарын өз каалоосу боюнча өзгөртүүгө же аны артка чакыртып алууга укуктуу. Аткаруучу ушул Келишимдин шарттарын өзгөрткөн учурда өзгөртүүлөр эгерде Аткаруучу тарабынан мындай жайгаштырууда башка мөөнөт көрсөтүлбөсө, өзгөртүлгөн шарттар Интернет тармагында https://kassir.kg дареги боюнча жайгаштырылган учурдан тартып күчүнө кирет.

2. АНЫКТАМАЛАР

Төмөндө берилген терминдер жана аныктамалар төмөндөгү маанилерде жеке жана көптүк түрдө колдонулат:

Офертабир же бир нече адамга даректелген сунуш, ал Аткаруучунун өзүн сунушту кабыл ала турган адресат менен ушул Келишимди түзгөн деп эсептөөгө ниетин Буйрутмачынын атынан билдирет;

Акцептбилеттерге төлөө аркылуу келишимдин шарттарын кабыл алуу;

Кызматушул Келишимдин алкагында Буйрутмачынын керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган иш;

Иш-чара концерт, спектакль, ошондой эле башка маданий-массалык, театралдык-оюн-зоок жана спорттук иш-чаралар;

Уюштуруучумаданий-массалык, театралдык-оюн-зоок же спорттук иш-чараларды даярдоо жана уюштуруу боюнча иш жүргүзгөн, ошондой эле Иш-чара жөнүндө орундарга квота жана башка зарыл маалыматтарды берген жеке же юридикалык жак;

Буйрутмабирдиктүү идентификациялык номер менен бириккен бир жеке же юридикалык жактан таризделген бир Иш-чарага бир же бир нече билеттер;

БилетБуйрутмачынын белгилүү бир Иш-чарага катышуу укугун күбөлөндүргөн жана Иш-чара жөнүндө бардык зарыл маалыматтарды камтыган документ (иш-чаранын аталышы, өткөрүү датасы жана убактысы, бөлүнгөн орун жана билеттин баасы);

БроньБуйрутмачы тарабынан төлөөнү күтүү режиминде турган, түзүлгөн буйрутма;

Брондун колдонуу мөөнөтүБуйрутманы тариздеген күндү жана андан кийинки күндү камтыган мезгили. Белгилүү бир Буйрутмага киргизилген билеттер ага карата Брондун колдонуу мезгили ичинде Буйрутмачыдан тышкары башка адамдардын сатып алуусу жана пайдалануусу үчүн жеткиликтүү эмес;

Жокко чыгарууАткаруучунун сайтындагы онлайн брондоо системасында аларды эркин сатууга которуу менен буйрутманы өчүрүү. Эгер буйрутма төлөнбөсө, анда ал брондун колдонуу мөөнөтү аяктаганда автоматтык түрдө жокко чыгарылат;

Сайтhttps://kassir.kg дарегинде жайгашкан интернет тармагындагы сайт.

3. КЕЛИШИМДИН ПРЕДМЕТИ

3.1 Ушул Келишим боюнча Аткаруучу Буйрутмачыга маданий-оюн-зоок иш-чараларына билеттерди сатууга байланыштуу кызматтарды (мындан ары – Кызматтар) көрсөтүүгө милдеттенет, ал эми Буйрутмачы аларды ушул Келишимдин шарттарына ылайык төлөөгө милдеттенет.

3.2. Бул Келишим Буйрутмачы билетке төлөгөн учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет.

4. ТАРАПТАРДЫН МИЛДЕТТЕРИ

4.1. Аткаруучу милдеттүү:

4.1.1. Ушул Келишим боюнча кызматтарды көрсөтүүдө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жетекчиликке алууга;

4.1.2. Аткаруучу Интернет тармагында https://kassir.kg дареги боюнча онлайн же Буйрутмачыга же анын өкүлүнө офлайн сатуу түйүндөрүндө колго берүү аркылуу; аны кардардын арызында көрсөтүлгөн электрондук почта аркылуу же Аткаруучу менен Кардардын ортосунда макулдашылган башка жол менен жөнөтүү аркылуу Иш-чараларга билеттерди сатып алууну тариздөө, брондоо, ишке ашыруу боюнча милдеттенмени өзүнө алат;

4.1.3. Буйрутмачыга Иш-чараларга билеттерди сатуу жана брондоо маселелери боюнча телефон аркылуу сүйлөшүүлөр аркылуу, ошондой эле электрондук почта аркылуу консультация берүүгө. Консультациянын көлөмү ушул Келишимде көрсөтүлгөн кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу конкреттүү маселелер менен чектелет;

4.1.4. Буйрутмачыга ушул Кызмат көрсөтүү келишиминин бардык талаптарына жооп берген Кызматты талаптагыдай жана сапаттуу көрсөтүүгө;

4.1.5. Иш-чаралардын маселелери боюнча Буйрутмачыга толук, анык жана толук маалымат берүүгө;

4.1.6. Купуялуулук шарттарын сактоого, ага ылайык ушул Келишимди аткаруунун алкагында Буйрутмачыдан алынган жеке маалыматтар купуя жана эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача көрсөтүлбөсө, үчүнчү жактарга ачыкка чыгарылбайт;

4.1.7. Буйрутмачыга билет сатып алуу маселелери боюнча техникалык колдоо көрсөтүүгө.

4.2. Аткаруучу укуктуу:

4.2. Аткаруучу укуктуу:

4.2.2. Кызмат көрсөтүүгө тарифтерди, ошондой эле ушул Келишимдин (айкын офертанын) шарттарын өз каалоосу боюнча өзгөртүүгө. Киргизилген өзгөртүүлөр Аткаруучунун https://kassir.kg сайтына жайгаштырылган (жарыяланган) күндөн тартып күчүнө кирет жана милдеттүү болуп калат. Мында киргизилген өзгөртүүлөр мындай өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин Аткаруучу менен Буйрутмачынын ортосунда келип чыккан укуктук мамилелерге карата жайылтылбайт. Акыркы учурда Тараптар өтүнмө берүү учурунда колдонулган шарттарды (тарифтерди, редакцияларды) жетекчиликке алышат;

4.2.3. Буйрутмачы ушул Келишим боюнча кызматтарга төлөө шарттарын аткарбагандыгына байланыштуу буйрутманы жокко чыгарууга.

4.3. Буйрутмачы милдеттүү:

4.3.1. Эсеп коюу үчүн зарыл болгондорду көрсөтүү менен Кызматтарды көрсөтүүгө өтүнмө берүүгө, Өтүнмө Аткаруучунун https://kassir.kg сайтында электрондук форманы толтуруу жолу менен түзүлүшү мүмкүн;

4.3.2. Бронь мөөнөтү аяктаганга чейин буйрутмага төлөөгө. Билетке төлөө Буйрутмачы ушул Келишимдин шарттарын толук жана шартсыз кабыл алгандыгын ырастайт жана Буйрутмачы менен Аткаруучунун ортосундагы мамилелерде ушул Келишим күчүнө кирген учурду аныктайт. Эсеп ушул пунктта белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн учурда, эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, Буйрутмачынын өтүнмөсү жана бронь жокко чыгарылды деп эсептелет;

4.3.3. Ушул Келишимдин жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын жоболорун сактоого. Буйрутмачы ушул Келишимдин жоболорун бузгандыгы үчүн өз алдынча жоопкерчилик тартат;

4.3.4. Ушул Келишимдин колдонуудагы редакциясы жана Аткаруучунун сайтында жайгаштырылган башка документтер менен өз алдынча таанышууга.

4.4. Буйрутмачы укуктуу:

4.4.1. Аткаруучудан ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди талаптагыдай жана толук аткарууну талап кылууга;

4.4.2. Билет сатып алуу маселелери боюнча Аткаруучунун персоналынан консультация алууга;

5. КЕЛИШИМ ТҮЗҮҮ ТАРТИБИ

5.1. Буйрутмачы ушул Кызмат көрсөтүү келишиминде белгиленген акцепт боюнча иш-аракеттерди аткарганга чейин ал келишимдин шарттары менен таанышканын ырастайт жана макул болот. Буйрутмачы ушул Кызмат көрсөтүү келишиминин жоболору ага толук түшүнүктүү экендигин ырастайт жана макул болот.

5.2. Ушул Кызмат көрсөтүү келишиминин шарттарын толук жана шартсыз кабыл алуу деп Буйрутмачынын билетке төлөөсү таанылат.

6. КАЙТАРУУ ТАРТИБИ ЖАНА ШАРТТАРЫ

6.1. И-чараны Уюштуруучунун күнөөсүнөн улам Иш-чара жокко чыгарылган же жылдырылган учурда Буйрутмачы Аткаруучудан 10 (он) жумуш күндүн ичинде билеттин төлөнгөн суммасын кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.

6.2. Муну менен Буйрутмачы сатып алынган билет анын демилгеси боюнча кайтарылып берилген же алмаштырылган учурда Аткаруучу үстөк айып катары сатып алынган билеттин номиналдык наркынан 5 (беш) % өлчөмүндө тейлөө жыйымын кармап калууга укуктуу экенин ырастайт жана макул болот.

6.3. Буйрутмачынын сатып алынган билетти кайтарып берүү же алмаштыруу жөнүндө арызы Аткаруучу тарабынан иш-чара башталганга чейин кеминде 72 (жетимиш эки) саат мурун кабыл алынат.

6.4. Буйрутмачы билет кайтарылган учурда кайтарууга арызда керектүү маалыматты (реквизиттерди) көрсөтүүгө милдеттенет, атап айтканда: Ф.А.А. (толугу менен), электрондук почта дареги, банктык карттын акыркы 4 цифрасы (карт менен төлөөдө) же электрондук капчыктын номери (электрондук капчык менен төлөөдө), Иш-чаранын аталышы, сектор, катар, орун, баа, сатып алуу күнү, сатып алуу орду (оффлайн сатып алууда), буйрутма номери.

7. ТӨЛӨМДӨРДҮ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИ

7.1. Билет Буйрутмачы ага толук төлөнгөнгө чейин берилбейт;

7.2. Буйрутмачы Билетке төмөнкү ыкмалар менен төлөөгө укуктуу:

7.2.1. Жол берилген эл аралык төлөм системаларынын жана башка төлөм системаларынын банктык (кредиттик же дебеттик) карттары аркылуу Аткаруучунун https://kassir.kg сайтында накталай эмес жол;

7.2.2. Аткаруучунун кассасына накталай акча салуу менен;

7.3. Билет Буйрутмачы ушул Келишимдин төлөө шарттарын сактаган учурда гана Буйрутмачыга жиберилет.

7.4. Буйрутмачы билет сатып алууда ар бир транзакция үчүн 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө тейлөө жыйымды төлөөнү ырастайт жана макул болот.

8. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ

Тараптардын ар бири ушул Келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарууга милдеттенет;

8.2. Аткаруучу Буйрутмачы тарабынан жол берилген ушул Келишимди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулардын кесепеттери үчүн Буйрутмачынын алдында жоопкерчилик тартпайт;

8.3. Аткаруучу Буйрутмачы тарабынан Аткаруучуга туура эмес маалыматтын берилиши менен шартталган кесепеттер үчүн Буйрутмасынын алдында жоопкерчилик тартпайт. Аткаруучу Буйрутмачынын ушул Келишимде көрсөтүлгөн купуя маалыматты коргоо боюнча чараларды көрбөгөндүгү менен шартталган кесепеттер үчүн Буйрутмачынын алдында жоопкерчилик тартпайт. Аткаруучу Буйрутмачынын билеттен баш тартуу боюнча чараларды көрбөгөндүгү менен шартталган кесепеттери үчүн Буйрутмачынын алдында жоопкерчилик тартпайт.

8.4. Буйрутмачы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык Аткаруучунун сайтында каттоо үчүн берилген жана билет сатып алууга өтүнмөдө көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

8.5. Иш-чараны жокко чыгаруу, алмаштыруу же жылдыруу Уюштуруучунун демилгеси боюнча болгон учурларда Аткаруучу Иш-чараны жокко чыгаруу, алмаштыруу же жылдыруу үчүн жоопкерчилик тартпайт.

8.6. Аткаруучу Иш-чараны Уюштуруучунун жана (же) анын атынан жана анын тапшырмасы боюнча же болбосо өзүнүн атынан аракеттенген башка жактардын аракеттери, ошондой эле Иш-чараны өткөрүү факты жана мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт.

8.7. Буйрутмачы Аткаруучу Иш-чаранын мазмуну жана башка касиеттери үчүн жооптуу эмес экенин ырастайт жана макул болот, анткени Иш-чараны өткөрүүгө байланыштуу Кызмат көрсөтүү келишими боюнча тарап болуп саналбайт.

8.8. Тараптар эгерде бул аткарбоо Келишим түзүлгөндөн кийин келип чыккан, катышуучу алдын ала билбеген, акылга сыярлык чаралар менен алдын ала албаган өзгөчө мүнөздөгү окуялардын (форс-мажор) натыйжасында жеңилгис күч жагдайларынын же кесепеттеринин натыйжасы болсо, ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди жарым-жартылай же толугу менен аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат. Өзгөчө мүнөздөгү мындай окуяларга жаратылыш кырсыктары, аскердик аракеттер, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын актылары кирет.

8.9. Аткаруучу Билетти тариздөө жана алуу, Иш-чарага катышуу, ошондой эле ушул Келишимдин алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жана пайдалануу тартиби жөнүндө маалыматты жаңылыш түшүнүүнүн же түшүнбөөнүн натыйжасында Буйрутмачы тарткан ар кандай чыгымдар жана моралдык зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт.

8.10. Аткаруучу Буйрутмачы Аткаруучунун сайтынан, билет кассаларынан, Аткаруучунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн жана таратуучуларынан тышкары башка жерлерде сатып алган билеттер үчүн жоопкерчилик тартпайт.

9. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР

9.1. Ушул Айкын оферта келишими Аткаруучу менен Буйрутмачынын ортосундагы толук макулдашууну билдирет. Аткаруучу жана Буйрутмачы ушул Келишимди аткаруунун алкагында, анда көрсөтүлгөн шарттардан жана милдеттенмелерден тышкары, эч кандай башка шарттарды жана милдеттенмелерди өзүнө албайт. Ушул Келишим менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.

9.2. Талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер пайда болгон учурда Тараптар аларды сүйлөшүү жолу менен же дооматтык тартипте чечүү үчүн бардык аракетти жумшайт. Дооматты кароо мөөнөтү - аны алган учурдан тартып 30 (отуз) календардык күн.

9.3. Ушул Келишимге киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор Аткаруучунун kassir.kg Сайтында жайгаштырылат жана мындай өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор Сайтка жайгаштырылган учурдан тартып күчүнө кирет.

10. РЕКВИЗИТТЕР

«Билет Онлайн» ЖЧК

Иш жүзүндөгү дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Н. Исанов көч., 105/3, 4-кабат, 4-каб.

СИН: 01709202111663

ИУЖК: 31274783

Банк реквизиттери:

БИК: 103001

Банк: КБК Тоголок Молдо 54/а

э/эсеп: 1030120000663773