Акча каражаттарын кайтаруу тартиби жана шарттары

  1. Эгерде Оператор менен Уюштуруучунун макулдашуусу менен башкача белгиленбесе жана Сайтта көрсөтүлбөсө, Билетти кабыл алуу жана акча каражаттарын кайтаруу Оператор тарабынан жүзөгө ашырылат. Ушул берененин жоболору Билеттерди сатып алган жерден көз карандысыз (Сайтта же Сатуу түйүнүндө) аларды кайтарып берүү учурларына толук ченемде жайылтылат.
  2. Сатып алуучу Оператордон Сайт аркылуу же Сатуу түйүндөрүндө сатып алган анык Билеттер кайтарууга кабыл алынат. Эгерде Билетте бузулуулар болсо (анын ичинде, бирок булар менен чектелбестен: жыртыктар, сүрүп өчүрүүлөр, белгилер, оңдоолор, Оператордон башка бирөө түшүргөн жазуулар, «контролдоо» дүмүрчөгүнүн жоктугу ж.б.), ал мындай Билеттин аныктыгын текшерүү жүргүзүлгөн шартта кайра кайтарууга кабыл алынат. Кандай учур болбосун, Оператор тиешелүү арызды алган күнгө карата Иш-чарага кирүүгө жарактуу Билеттер кайра кайтарууга кабыл алынат. Иш-чараны өткөрүү күндөрү өтүп кеткен билеттерди кайтаруу, ага тете Уюштуруучуга кечигип түшкөн кайра кайтарууга арыз мындай Билеттер менен шартталган кызмат көрсөтүү келишиминин алкагында Уюштуруучунун милдеттенмелерди талаптагыдай аткаргандыгына байланыштуу каралбайт. Ушул сыяктуу эле Оператор жана/же Уюштуруучу колдонуудагы укуктун жоболорунда аныкталган учурларда, атап айтканда, Сатып алуучу өз укуктарын кыянаттык менен пайдаланган, ага тете Билеттерди сатып алууда ушул Офертанын шарттарын бузган учурларда Сатып алуучуга акча каражаттарын кайтаруудан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
  3. 2-пункттун талаптары сакталган шартта жана Билетти кабыл алуу жана акча каражаттарын кайтаруу Оператор тарабынан ишке ашырылган шартта, акча каражаттары Сатып алуучуга анын Операторго берилген Билеттин түп нускасын милдеттүү түрдө тиркөө менен жөнөкөй жазуу жүзүндө арызынын негизинде гана кайтарылышы мүмкүн. Арыздын формасы Оператор тарабынан Сайтта жана Сатуу түйүндөрүндө жайгаштырылат. Аталган арыз Сатып алуучу тарабынан жеке же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде аракеттенген адам тарабынан Сайтта көрсөтүлгөн дарек боюнча Оператордун Сатуу түйүнүнө өздүгүн күбөлөндүргөн документти көрсөтүү менен же документтердин пакетин Оператордун электрондук почта дарегине жөнөтүү жолу менен берилет.
  4. 3-пункттун жоболору сакталган шартта, эгерде Билеттин номиналдык наркы Сатып алуучу тарабынан накталай эмес жол менен төлөнгөн болсо, макулдашылган чектерде акча каражаттарын кайтаруу аларды Сатып алуучу арызда көрсөткөн банктык эсепке чегерүү жолу менен гана жүзөгө ашырылат. Билеттердин номиналдык наркы накталай акча каражаттары менен төлөнгөн учурда, алар Сайтта көрсөтүлгөн Сатуу түйүнүндө кайтарылат.
  5. 1-4-пункттарга ылайык Билеттер үчүн акча каражаттарын кайтаруу Оператор 3-пунктта аныкталган форма боюнча Сатып алуучунун арызын алган учурдан тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
  6. Иш-чараны жокко чыгаруу, алмаштыруу же жылдыруу (Билет сатып алынган күндөрдө Иш-чараны жабуу (толук же жарым-жартылай)) себебинен улам, ага тете Сатып алуучунун бир тараптуу баш тартуусунан улам Билет кайтарылганда Сатып алуучуга Билеттин номиналдык наркы кайтарылып берилет.
  7. Сатып алынган билет Сатып алуучунун демилгеси боюнча кайтарып берүү же алмаштыруу учурунда, Аткаруучу үстөк айып катары сатып алынган билеттин номиналдык наркынан 5 (беш) % өлчөмүндө тейлөө жыйымын кармап калат.
  8. Жоголгон, бузулган же пайдаланылбаган Билеттер үчүн акча каражаттары кайтарып берилбейт.
  9. Сатып алуучу Билет алган күндөрү Иш-чара жокко чыгарылган (алмаштырылган, жылдырылган), ага тете Иш-чара жабылган (толук же жарым-жартылай) учурда, Сайтта жана Сатуу түйүндөрүндө кошумча көрсөтүлгөн жерде жана мөөнөттө 1-5-пункттарда белгиленген тартипте ишке ашырылат. Мында Сатып алуучу Иш-чараны жокко чыгаруу, алмаштыруу же жылдыруу жөнүндө (белгилүү бир күндөрү Иш-чаранын жабылышы (толук же жарым-жартылай)) тастыктаган расмий маалымат Сайтта, ошондой эле Сатуу түйүндөрүндө жайгаштырылган маалымат экендигин кабыл алат жана макул болот.
  10. Сатып алуучу Билетти кайтаруу тартиби жана негиздери, ошондой эле мындай кайтарууну жүзөгө ашырууга милдеттүү адам ага толук көлөмдө маалымдалганын, ага белгилүү жана түшүнүктүү экендигин тастыктайт жана макул болот.
  11. Иш-чара башталганга чейин кеминде 72 (жетимиш эки) саат мурун алынган билеттер кайтарылып берилет.
  12. Акциялар же арзандатуулар аркылуу сатылып алынган билеттер кайтарылбайт.

    Кайтаруу эрежелери менен тааныштым